Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:56

"Бир дүйнө Кыргызстандын" адвокаттары сотко кайрылды


"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Оштогу адвокаттары чет элдик жаран Умар Фарукка байланыштуу козголгон кылмыш ишти жабуу тууралуу шаардык сотко кайрылды. Адвокат Хусанбай Салиевдин айтымында, тиешелүү арыз сотко кечээ тапшырылды.

- Кылмыш иш дагы эле жабылбай турат. Ал мыйзамсыз козголгонун айтып сотко кайрылдык. Экстремисттик материалдарды сактоо жана өлкөдөгү конституциялык түзүмдү өзгөртүү деген эки берене боюнча козголгон.

Быйыл 25-мартта Ошто америкалык журналист Умар Фарук кармалган. Анын жанынан экстремизмге шектелгендер боюнча тергөө документтеринин көчүрмөлөрү, "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун кызматкерлеринин визиттик карталары табылган. УКМКнын жергиликтүү бөлүмү факт боюнча кылмыш иш козгоп, аталган укук коргоо уюмунун эки адвокатынын үйүндө жана кеңседе тинтүү жүргүзүп, көптөгөн маанилүү документтерди алып койгон. Бирок кийинчерээк Умар Фаруктун күнөөсү жок экени аныкталып, ал кое берилген. Ал эми козголгон кылмыш иш жабылган эмес.

Адвокаттардан алынган документтер жакында Жогорку Соттун чечиминен кийин гана кайтарылып берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG