Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

“Газпром” Түркмөнстанга карызын төлөй албай калды


"Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер
"Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер

Бул тууралуу Түркмөнстандын Мунай өндүрүү жана минералдык ресурстар боюнча министрлиги билдирди. Мекеменин расмий сайтында жайгаштырылган билдирүүдө орусиялык “Газпром” компаниясы дүйнөлүк экономикалык кризиске жана Орусияга каршы Батыштын киргизген санкцияларына байланыштуу карызын төлөй албай калгандыгы айтылат.

“Газпром" 2015-жылдын башынан бери “Түркмөнгаз” компаниясына түркмөн көгүлтүр оту үчүн карызынан кутула элек” деп жазылат.

“Газпромдун” маалымат кызматы бул боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

2003-жылдын апрелинде Орусия менен Түркмөнстандын ортосунда 25 жылга кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Бул макулдашуунун алкагында түркмөн газын сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүлгөн.

Ушул жылдын февралында “Газпромдун” жетекчи орун басары Александр Медведев компания ушул жылы Түркмөнстандан жана Өзбекстандан сатып алган газдын көлөмүн мындан ары 10 млрд. кубга кыскаратаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG