Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:20

Федерация Кеңеши 12 чет элдик уюмдун ишин текшерүүнү талап кылды


Орусия Думасындагы кезектеги жыйын
Орусия Думасындагы кезектеги жыйын

Орусиянын Федерация кеңеши Башкы прокуратурага, Тышкы иштер министрлигине жана Юстиция министрлигине кайрылып, Орусиянын аймагындагы 12 бейөкмөт чет элдик уюмдун ишмердүүлүгүн текшерүүнү өтүндү. Бул тизмеге кирген уюмдардын басымдуу бөлүгү АКШга кыйыр же түз тиешеси барлар.

Алардын катарында миллиардер жана филантроп Жорж Сорос негиздеген “Ачык коом” кору, Демократия үчүн улуттук кору, Чарльз Стюарт фонду өңдүү уюмдар бар.

Орус депутаттарынын пикиринде, тизмедеги уюмдардын ишмердүүлүгү өлкөнүн ички саясатына кедергисин тийгизүүгө багытталган.

Ушул жылдын май айында орус президенти Владимир Путин “керексиз” бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө, коргонуусуна жана коопсуздугуна коркунуч көрсөткөн уюмдар керексиз болуп саналат. Уюмдардын керексиз деп табууну баш прокурор жана анын орун басарлары аныктап, чечим чыгарат.

XS
SM
MD
LG