Алмазбек Атамбаевдин бир тууган агасы Калыйбек Шаршенов 8-июлда кечке жуук дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин маалыматына ылайык, Калыйбек Шаршенов бүгүн түштөн кийин өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртылган. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Калыйбек Шаршенов 64 жашта болчу.