Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Hyundai 150 миңге чукул автоунаасын базарлардан чакыртып алды


Кореялык автоконцерн 2014-жылы чыгарылган Sonata үлгүсүндөгү 140 миң автоунаанын коопсуздук куру бузук экенин маалымдады. Бул АКШдагы жана Канададагы автобазарларга гана тиешелүү деп айтылууда. Компаниянын маалыматы боюнча, бул автоунаалардын коопсуздук куру оңой менен байланбайт. Бирок буга чейин мындан жабыркап кайрылгандар болбогонун билдирген ишкана бузук кур жаңысына бекер алмаштырыларын белгилөөдө.

Кореялык Hyundai автоконцерни чыгарган унаалар Кыргызстанда да кеңири пайдаланылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG