Алмазбек Атамбаев Уфа шаарында өтүп жаткан БРИКС жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкө башчыларынын саммитине катышат. Бирок мурда белгиленген мөөнөттөн кечирээк, агасынын сөөгү жерге берилгенден соң, бүгүн кечке жуук учуп барарын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Саммит 8-июлда башталган.
Уфадагы эки күндүк иш сапары учурунда кыргыз президенти Иран лидери Хасан Роухани, Ооганстан башчысы Ашраф Гани жана БРИКС уюмуна мүчө өлкөлөрдүн айрымдарынын жетекчилери менен жолугушат.
Президенттин бир тууган агасы Калыйбек Шаршенов 8-июлда кечке жуук көз жумган. (SE)