Шаардын борбордук аянтында бүгүн “Жалал-Абад-2015” эл аралык бизнес форуму башталды. Ага катышуу үчүн Кытай, Орусия, Азербайжан жана Түркиядан ишкерлер келишти.
Алгач аянтта облустагы жеке ишкерлердин жана мекеме ишканалардын катышуусунда жармаңке уюштурулду. Ага жалпысынан 50дөн ашык ишкер тартылган.
Форум алкагында “Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү”, “Инфраструктура жана курулуш индустриясы”, “Туризм жана тейлөө чөйрөсү” багыттарында талкуу болот. Инвесторлорго Жалал-Абад облусу боюнча даяр бизнес долбоорлор тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле “Кымыз майрамы” да өтөт.
Иш-чараны өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштуруп, аны өткөрүүгө БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Соодага көмөктөшүү”, ЕККУнун “Агро Горизонт”, Германиянын Эл аралык кызматташуу коомунун “Агро Лид” долбоорлору жана USAID уюму көмөктөшүүдө. (RsK)