10-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өррөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32,
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31,
Баткен облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 22...37,
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 19...24 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус жылуу болот.