Пакистан премьер-министри Наваз Шариф 8-июлда Ослодо Улуттар уюмунун билим берүү саммити кезде Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреаты Малала Юсуфзай менен кездешти.
Малала кыздарды билим алуу укугун коргоого чакырганы үчүн 2012-жылы октябрда Пакистан талиптери башына атып, өлүмдөн британ доктурлары сактап калган. Ошондон бери Бриатнияда жашайт. Малаланын билдиришинче, Шариф “Пакистандын эшиги дайыма ачык” деп, Ата журтуна барам десе, өкмөт ага колдоо көрсөтөрүн айткан. Ал премьер-министр Шариф менен Пакистандын билим берүү системасы, балдардын иштөөсү жана кыздарды күчтөп күйөөгө берүүлөр жөнүндө талкуулашкан.
Малала 12-июлда 18 жашка толот.