Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Чек арада казак жараны ок-дары менен кармалды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок унаа өткөрүү” пунктунда бүгүн ок-дары алып бараткан жаран кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, 9 милиметрлүү 40 даана ок-дары менен колго түшкөн киши Казакстандын жараны экени аныкталды. Шектүү Toyota Camry машинесинде Кыргызстандан Казакстанга бараткан.

Иликтөө иштерин УКМК жүргүзө баштады. (SE)

​
XS
SM
MD
LG