Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАнын этика боюнча комиссиясы уюмдун мурдагы администратору Чак Блазерге өмүр бою футболдук ишмердик кылуусуна тыйуу салды.
70 жаштагы Блазер 1996-2013-жылдары ФИФАнын аткаруу комитетинин мүчөсү болгон. Ал 2013-жылы Нью-Йорктун сотунда ФИФАнын аткаруу комитетинин мүчөлөрүн пара алууга ынандырып, Түштүк Африканын 2010-жылкы Дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүсүнө жол ачтырган; бирок алар 1998-жылы Марокконун өтүнүчүн аткара албай калышкан.
"Блазер кызыкдар тараптарга сунуш жасап, акы жана пара алган, жашыруун жана мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча схеманын негизги аткаруучусу болгон", деп айтылат ФИФАнын этика комиссиясынын 9-июлдагы билдирүүсүндө.