Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Уфа шаарында БРИКС өлкөлөрүнүн жыйыны ачылды


БРИКСтин лидерлери чогуу сүрөткө түшүшүүдө. Уфа, 9-июль 2015
БРИКСтин лидерлери чогуу сүрөткө түшүшүүдө. Уфа, 9-июль 2015

Саммитте Бразилия, Индия, Орусия, Кытай, Түштүк Африка республикасынын лидерлери Украинанын чыгышындагы чатак, Грециядагы экономикалык кризис, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун коркунучу сыяктуу маселелерди талкуулайт деп боолгонууда.

Президент Путин БРИКСтин жумушчу кеңешинде сүйлөп, Кытай менен соодада улуттук акчалар колдонулганын белгиледи: "Биз экономикалык кызматташууда улуттук валюталарды колдонолу деп чечкенбиз. Кээ бир өлкөлөр менен валюталардын корбаштыгын түздүк. Мисалы, Кытай республикасы менен улуттук акчаларды алмаштык. Болочокто соода рубль-юандын негизинде да жүрөт. Индия, Бразилия, Түштүк Африка республикасы менен да ушундай алака болсо кызыктуу болмок”.

Москва жыйынды пайдаланып, Батыш менен болгон тирешке карабай, Орусия эл аралык изоляцияда эмес экенин шарданалоого аракеттенери айтылат. Орусия былтыр Крымды аннексиялап алгандан кийин, Батыш өлкөлөрү өлкөгө санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG