Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Меркел Боснияны реформаны батыл баштоого үндөдү


Ангела Меркел Сараеводогу маалымат жыйынында. 9-июль 2015
Ангела Меркел Сараеводогу маалымат жыйынында. 9-июль 2015

Германия канцлери Ангела Меркел Босния-Герцеговинанын жетекчилигин жаңы жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болуу жараянын тездетчү социалдык-экономикалык реформаны баштоого чакырды. Ал үндөөнү 9-июлда Сараеводо Босния лидерлери менен кездешүүдө жасады. “Босния-Герцеговинада жөндөлчү маселелер абдан татаал экенин биз билебиз. Бирок Босния-Герцоговина жакшы өнүксө, андан жалпы регион гүлдөп өсөт,” - деди Меркел.

Босния-Герцоговина Европанын эң жарды өлкөсү. Өлкөдөгү эмгекке жарамдуу элдин 40% көбү жумушсуз.

XS
SM
MD
LG