Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Таиланд жүзгө чукул уйгурду Кытайга депортациялады


Бул окуя укук коргоочулардын сынына кабылды, анткени алар Кытайда түрк тилдүү мусулман азчылыктары бийликтин репрессиясына кабылат деп эсептешет.

Таиланддын премьер-министри генерал Прают Чан-Оча 9-июлда журналисттерге Таиланд Кытай менен уйгурлардын ортосундагы “талашка катышпайт” деп айтып, депортация кылынган уйгурларга адилет мамиле болору тууралуу расмий Пекиндин убадасын алганын билдирди. “Алар адилет сот жана коопсуздук менен камсыз болушат. Муну кытай бийлиги бекемдеди” деди ал Бангкокто маалымат жыйынында.

БУУнун качкындар иши боюнча Башкы комиссары депортация кылынган уйгурлардын ичинде жаш балдар менен аялдар да бар экенине нааразылыгын билдирип, бул эл аралык укуктарды бузууга жатарын жана эл аралык коомчулук мындай кадамы үчүн Таиланддан кошумча түшүнүк күтөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG