Президент Алмазбек Атамбаев Уфадагы иш сапарынын алкагында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин кезектеги жыйынына катышат. Саммитте уюмдун алкагында биргелешип аракеттенүү, уюмду дагы мүчөлөрдү кошуу менен кеңейтүү тууралуу маселелер каралмакчы.
Уфадагы эки күндүк иш сапары учурунда кыргыз президенти Иран лидери Хасан Роухани, Ооганстан башчысы Ашраф Гани жана БРИКС уюмуна мүчө өлкөлөрдүн айрымдарынын жетекчилери менен жолугушат.
Кыргызстандык делегациянын курамында Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бар.
ШКУга Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө, Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Ооганстан байкоочу деген макамга ээ. 2014-жылы Пакистан менен Индия ШКУга кирүү тууралуу арызын берген.(ZKo)