Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:41

“Ал-Каиданын” Йемендеги жетекчиси АКШга чабуул уюштурууга чакырды


“Ал-Каида” экстремисттик уюмунун Йемендеги канатына жаңы жетекчи болуп дайындалган Касым ал-Раймий 9-июль күнү алгачкы кайрылуусун жасап, анда АКШга каршы кол салууларды уюштурууга чакырды. Бул тууралуу Вашингтондо терроризмге мониторинг жасаган SITE тобу кабарлады.

“Америкалыктар, бизди канча көп өлтүрсөңөр, биз ошончо күчкө толобуз. Ар бир өлтүрүлгөн жетекчиге орунбасар бар”, - деп айтылат анын кайрылуусунда.

“ал-Каиданын” Йемендеги мурдагы жетекчиси Насир ал-Вухайсий өткөн айда АКШнын абадан урган соккусунда мерт кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG