Облустун 20 бүтүрүүчүсү Орусиянын Тюмен облусундагы Мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинен бюджеттик негизде акысыз билим алышат. Эки тараптуу келишимге Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан эл аралык 1-бизнес форумдун жыйынтыгында окуу жайдын ректору Ханзада Сманова менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева кол койду.
9-10-июль күндөрү Жалал-Абадда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн уюштуруусунда 1-эл аралык бизнес форум өтүп, ага Орусия, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Кытайдан ишкерлер келишкен. (RsK)