Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Аксыда Уран Ботобековду коргоо комитети түзүлүүдө


Аксынын Жаңы-Жол айылынын жашоочулары Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековду коргоо комитетин түзүп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков билдирди. Комитет жакында жыйынга чогулуп, мындан аркы кадамдарын талкуулайт. Алар президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов Ботобековду сотко берип, утуп алганын бийликтин тапшырмасы катары сыпатташууда.

Быйыл 30-апрелде "Вечерний Бишкек" медиа-холдингине караштуу kabarordo.kg сайтында Уран Ботобеков менен маек чыккан. Анда айтылган айрым ойлорго нааразы болгон Икрамжан Илмиянов аны сотко берген жана "кадыр-баркыма шек келтирди" деп, 5 миллион сом доо өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Өткөн жумада Бишкектин Свердлов райондук соту Ботобеков Илмияновго 1 млн. 800 миң сом төлөп берсин деген чечим чыгарган. Ошондой эле эки турак жайын камакка алууну өкүм кылган. (SE)

XS
SM
MD
LG