Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Греция салык жана пенсия системасын реформалоого макул болду


Грециянын мурдакы финансы министри Янис Варуфакис СИРИЗА парламенттик фракциясынын жыйыны алдында ойлонуп отурат. Афина, 10-июль 2015
Грециянын мурдакы финансы министри Янис Варуфакис СИРИЗА парламенттик фракциясынын жыйыны алдында ойлонуп отурат. Афина, 10-июль 2015

9-июлда Евробиримдикке жиберилген план Биримдиктин лидерлеринин соода салыктарынын өлчөмүн, ошондой эле орточо пенсия курагын жогорулатуу жана башка талаптарын камтыйт. Эл аралык кредиторлор (Европа борбордук банкы, Еврокомиссия, Эл аралык валюта фонду) кезектеги насыяны бергенден мурда Афинаны алдагыдай реформага макул болуусун талап кылган эле. "Грециянын реалдуу сунушу карыздардын көлөмү боюнча кредиторлор жасаган реалдуу сунуштарга дал келиши абзел. Ошондо гана жагдай эки жак уткандай болот,”- деп билдирди Еврокомиссиянын төрагасы Дональд Туск 9-июлда Люксембургда.

Евробиримдик Грециянын карызын жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүгө даяр экени да маалымдалды.

XS
SM
MD
LG