Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Украинада терроризм коркунучу “бир кыйла өстү”


Украиналык жоокерлер Мариуполь шаарынын жанындагы Широкино кыштагына ныпталаш жайдагы өңүттө турушат. 3-июль 2015
Украиналык жоокерлер Мариуполь шаарынын жанындагы Широкино кыштагына ныпталаш жайдагы өңүттө турушат. 3-июль 2015

“Жаңжалдан тыш аймактарда партизандар менен террорчулардын коркунучу бир кыйла өстү,”-деди президент П. Порошенко 10-июлда премьер-министр А. Яценюк жана ички иштер министри А. Аваков менен кездешүүдө. Ал украин аскерлери орусиячыл жикчилдер менен согушуп жаткан аймактан өлкөнүн башка бөлүктөрүнө курал келип жатканын да айтты.

Февралда Харьков шаарындагы демонстрация кездеги бомба чабуулунан эки киши өлгөн, 10 киши жараат алган. Майда Донбасста орусиялык эки десантчы туткунга алынып, “террорчулукка катышкан” деп айыпталган.

Киев мурда Москваны жикчилдерге курал жана аскерден жардам берип, аларды машыктырып Украинага “терроризмди экспорттоодо” деп күнөөлөгөн. Москва айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG