Жайкы сезонго карата ачылган Ош-Тамчы аба каттамы боюнча 10-июлда Ысык-Көл эл аралык аэропортуна Оштон экинчи учак келип конду. Миң чакырымга жакын жолду унаа менен бир күндө араң жүргөн эс алуучуларга аба каттам көлгө пландалган эс алууну ишке ашырууга чоң өбөлгө болууда. Ош-Тамчы аба каттамы аптасына эки жолу - жума жана жекшемби күндөрү учуп жатат. Билеттин баасы бир тарапка 2000-3000 сом.