Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Кытайда бир нече укук коргоочу активист кармалды


Кытайда акыркы эки сутка ичинде 50гө жакын адвокат-укук коргоочу жана активисттер кармалды. Бул тууралуу Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму билдирди. Алардын маалыматында кармалгандардын ичинде полиция белгисиз жакка алып кетип дайыны чыкпай жаткандар да бар. Кытай бийлиги ишембинин кечинде кармалган укук коргоочулар кылмыштуу топтордун мүчөлөрү экенин, аларга коомдук тартипти бузду деген олуттуу айып тагылып жатканын билдирген.

Amnesty International уюмунун жүйөсүндө репрессиялык кармоолор жаңы кабыл алынган мыйзамга байланыштуу. Аталган мыйзамда терс маданий таасирди жана динге жамынган күчтөрдү тескөөдө мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG