Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Индия Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтөт


Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди жана президент Алмазбек Атамбаев
Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди жана президент Алмазбек Атамбаев

Индия Кыргызстанга аскердик жабдуу жана кадрларды машыктырууда көмөк көрсөтөт.

Мындай келишимге Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди жана президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жолугушуу соңунда кол койду. Модинин айтымында, Индия жыл сайын Кыргызстанда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүгө жана аскердик технологиялар менен алмашууга даяр. Өз кезегинде Атамбаев Индия тарап Коргоо министрлигине БУУнун ыктыярчы күчтөрүнүн аскердик-талаа госпиталын жабдууга макул экендигин билдирди.

Моди Борбор Азияга болгон сапары алкагында Кыргызстанга алгач ирет келди. Ал буга чейин Өзбекстан, Казактсан жана Түркмөнстанга барган. Бишкектен кийин Дүйшөмбүгө сапар алат. (UEz)

XS
SM
MD
LG