Бишкектин Октябрь райондук сотунда Канжар Кадыралиевдин иши бүгүн каралары тууралуу мурда кабарланган. 22-июнга белгиленген алгачкы отурум соттолуучу келбей калгандыгына байланыштуу өтпөй калган эле. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдиргендей, ишти карап жаткан судья алмашканына байланыштуу бүгүнкү отурум да жылдырылышы ыктымал.
Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Кадыралиевге ишкерлерди опузалап, өзүм билемдик кылды деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына отургузулушу керек болчу, бирок ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу камалган эмес. (SE)