Маалымат каражаттары чыгыштагы Хост дубанындагы ооган жана чет элдик аскерлер жайгашкан базанын жанында автомобилдин жарылуусунан кеминде 17 адам мерт болгонун жазып чыгышты. AFP маалымат агенттигине Хост шаарынын полиция башчысы Файзулла Гайрат 12-июлда бир жанкечти аскер базасына кире бериштеги көзөмөл-өткөрмө бекетте өзүн жардырып жибергенин билдирген.
Шаардагы оорукананын дарыгери аталган агенттикке "18 кишинин өлүгүн санаганын" айткан. Associated Press болсо дагы бир дарыгерге таянып, кеминде 17 адам өлгөнүн жазып чыкты.
Бийликтер бул чабуул чыгыштагы Каписа жана түндүктөгү Кундуз провинцияларындагы жолдогу жардыруулардан кийин болгонун билдиришти. Ал эки жардыруудан да кеминде жергиликтүү 12 жайкын тургун мерт болгон.