Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Моди Коргоо министрлигине медициналык жабдуу тапшырды


Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 12-июлда Кыргызстандын Коргоо министрлигине 260 миң сомдук медициналык жабдуу тапшырды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат кызматы кабарлады. Медициналык эмерек, кардио-пульмо монитор, биохимикалык анализатор, УЗИ-аппараттан жабуулар Башкы штабдын госпиталына берилет.

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Борбор Азияга болгон сапары алкагында Кыргызстанга бир күндүк сапар менен 12-июлда келген. Ал президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолуккан. Индия-Кыргызстан кызматташтыгы боюнча бир катар келишимдерге кол коюлган. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG