Евромейкиндиктин лидерлери 17 сааттык сүйлөшүүдөн кийин Грецияга үчүнчү насыя траншын берүүгө жана өлкөнү евромейкиндикте кармап турууга бир добуштан макул болушту. Бул жөнүндө 13-июлда Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск маалымдады:
- Лидерлер принцибинде Европа стабилдештирүү механизми программасы боюнча сүйлөшүүнү баштоону макулдашты. Бул Грецияны колдоо улантылат дегенди билдирет.
Афиныга насыя өлкөнү дефолттон сактап калуу жана Грециянин евромейкиндиктеги ордун жоготпоосу үчүн зарыл.
Грециянын банктары жукарган корун көбөйтүү үчүн Европа борбордук банкынын насыясына муктаж.