Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Паракорлорго мунапыс берилбейт


Коррупция беренеси менен соттолгондорго мунапыс бербөө демилгеленүүдө. Бул туурасында сот реформасы боюнча өткөн жыйында эксперттик топтун мүчөсү Лейла Сыдыкова “Мунапыс жөнүндө” мыйзамды тааныштырып жатып билдирди. Жаңы мыйзамда бир катар кылмыштын түрүнө мунапыс берилбей турганы жазылган. Алсак, опузалап акча талап кылуу, пара алуу, өмүр бою абакка кесилгендер, эки же андан көп кылмыш кылгандарга мунапыс берилбейт. Мындан башка мунапыс жылына бир эле жолу жарыяланууга тийиш деп мыйзамга камтылып жатканын Лейла Сыдыкова кошумчалады. Мыйзамга кирип жаткан өзгөртүүлөрдүн бири - мунапыс мындан ары соттун чечими менен гана ишке ашмакчы.

Ушул жылдын 26-июнунда президент Алмазбек Атамбаев кылмыш кылып сот жообуна тартылгандар боюнча кезектеги мунапыс берүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 900дөй аял жана өспүрүмдөр абактан бошойт. (SDz)

XS
SM
MD
LG