Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков 13-июлда төрт кабат казарманын үстүнкү этажы түшүп кеткенде 42 жоокер эс алып жатканын билдирди.
Орусиянын маалымат булактарынын кабарлашынча, Омскидеги казармадагы кырсыкта өлгөндөрдүн көбү 18 жаштан 24 жашка чейинкилер.
Кээ бир жарадар аскерлер Москвага жөнөтүлгөнү кабарланды.
12-июлда аба десанттык аскерлердин окуу борборунун төрт кабаттуу казармасынын бир бөлүгү кыйрап калган. Авариянын себеби тергелүүдө.