Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

Азимжан Аскаровду бошотуу талабы кайрадан айтылууда


“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы өмүрүнүн аягына чейин соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароодо акыйкатсыздык жана дискриминация болгон деп анын конституциялык укугу бузулуп жатканын көңүл бурууга чакырды. Аталган кыймылдын бүгүн тараткан билдирүүсүндө Аскаровду ден соолугуна байланыштуу эркиндикке чыгаруу талабы да айтылган.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогасы боюнча соттолгон. 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондо улут аралык чатакка жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өзү күнөөсүз экенин айтат.

Буга чейин “Бир дүйнө Кыргызстан”, “Кылым шамы” жана Жаза аткаруу кызматынын Байкоочу кеңеши аны бошотуу талабы менен президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөт башчы Темир Сариевге, спикер Асылбек Жээнбековго, баш прокурор Индира Жолдубаевага, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага кайрылуу жолдошкон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG