Аксылыктар Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековго кысымды токтотуу талабы менен өтчү митингге саясатчы Азимбек Бекназаровдун катышуусун талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков кабарлады. “Бекназаров камалганда жергиликтүү эл тегиз турган. Ал эми Ботобековдун башына иш түшкөндө ал каякта уктап жатат деп эл талап кылууда”, - деди ал.
Митинг 14-июлда Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн аймагында Малкалды айылында өткөрүлөт. Ага Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыров, мүчөсү Бектур Асанов катышат.
Президенттик аппараттын мурунку биринчи орун басары Икрам Илмияновдун арызынын негизинде Свердлов райондук соту Уран Ботобековду 1 млн. 800 миң сом айыпка жыкты. Соттун чечимине ылайык, Ботобеков бул сумманы Илмияновдун пайдасына төлөп бериш керек. (КЕ)