12-июлда өлкө чыгышындагы Хост провинциясындагы АКШнын аскер базасынын жанындагы бекетте жанкечти минген автомобиль жарылган. Бекетти ооган аскерлери тейлечү. Бомба чабуулунда набыт кеткендердин баары карапайым адамдар экенин провинциянын губернаторунун өкүлү Мубариз Задран 13-июлда билдирди.
Аскердик базаны мурда АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы согушчандарга сокку урууга көмөктөшүү үчүн пайдаланчу. Азыр аны Ооган армиясы чет элдик аскерлер менен чогуу колдонот.