Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Өлкөдөгү чукул кырдаалдар маселеси Бишкекте талкууланат


Табигый кырсыктарга байланыштуу чукул кырдаал жаралган учурда жабыркаган калктуу конуштардын маселеси бүгүн Бишкекте атайын уюштурулуп жаткан жыйында каралат. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, өкмөт жана “Демократиялык жараяндарды изилдөө борбору” биргеликте “Парк-Отель” комплексинде өткөрөт. Уюштуруучулардын айтымында, маселе тийиштүү аткаминерлердин катышуусунда талкууланат.

Кыргызстанда калктуу конуштар негизинен селден жана көчкүдөн жабыркашат. Ошондой эле жайыттардын өрттөлүшү да тез-тез катталып турат.

Быйыл көп аймактарда айдоо аянттары суу ташкынында жараксыз абалга келди. (SE)

XS
SM
MD
LG