Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековду кысымга алууну токтотуу талабы менен бүгүн Аксы районундагы Малкалды айылында митинг өтөт. Аны Ботобековду коргоо комитети уюштуруп жатат. Акцияга оппозиция өкүлдөрүнөн Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов катышарын уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлашты.
Президенттик аппараттын мурдагы биринчи орун басары Икрам Илмияновдун арызынын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту Уран Ботобековду 1 млн. 800 миң сом айыпка жыккан. Буга Ботобековдун “Вечерний Бишкек” медиа-холдингине караштуу Kabarordo.kg сайтына берген маеги негиз болгон. Илмиянов ал маекти “кадыр-баркыма шек келтирди” деп белгилеген. (SE)