Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:01

Таласта мурдагы эки милиционерге кылмыш иши козголду


Манас жана Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмдөрүндө иштеген эки кызматкер алдамчылык кылган жана жасалма документ жасаган деп шектелип жатат. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бири Кыргыз улуттук университетин, экинчиси Курулуш, унаа жана архитектура университетин бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом менен 2012-жылы жумушка орношушкан. Ушул күнгө чейин аймактык тескөөчү болуп иштеп, бири лейтенант, экинчиси кенже лейтенант чинин тагынган.

Учурда алар иштен алынып, иликтөө жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG