Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү Эмгек кодексинин азыркы вариантын өзгөртпөө талабы менен тынчтык митингин уюштурат. Акция бүгүн Экономика министрлигинин алдында өтөрүн уюштуруучулар “Азаттыкка” билдирди. Алар эгер кодекс өзгөртүлсө, иш берүүчүлөргө көбүрөөк пайда болуп, жумушчулардын укуктары чектелерин белгилешүүдө.
"Азыркы кодексте жумуш берүүчүлөр менен ишчилердин ортосундагы бардык мамилелер иреттелип, тартипке салынган, аны өзгөртүүгө негиз жок", - дешет активисттер.
Өкмөт инвесторлорду тартуу жүйөсү менен Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү маселесин көтөргөн. Ал күзүндө Жогорку Кеңеште талкууланышы күтүлүүдө. (SE)