Орусиянын курамындагы Бурятия республикасынын борбору Улан-Удэ шаарында оппозиционер-журналист, Asia-Russia Today интернет басылмасынын башкы редактору Евгений Хамагановду сабап кетишти. Окуя жекшемби күнү кечинде болгонун, журналист омурткасы сынып, ооруканада жатканын жергиликтүү активисттер кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Хамагановдун сабалышы анын ишмердигине байланыштуу болушу мүмкүн. Ал соңку күндөрү борбордук өкмөттү сындаган саясий макалаларды көп жаза баштаган. Буга чейин сөз эркиндиги сакталбай жатканын айтып чыкканы үчүн да коркутууларга тушуккан. (SE)