Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Украинанын Анталиядагы консулу кийими үчүн иштен алынды


Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин өлкөнүн Анталиядагы ардактуу консулу Левент Айдынды Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн фуболка кийгени үчүн жумуштан алды. Бул тууралуу министр “Твиттердеги” баракчасына жазды.

“Левент Айдын Түркиядагы украиналыктарга бир топ жардам берген. Бирок принцип деген маселе да бар” деп белгиленет министрдин билдирүүсүндө.

Мурдараак Левент Айдын Путиндин сүрөтү түшүрүлүп, “Ийкемдүүлүк - биздин бар-жогубуз” деген жазылган футболка кийип, расмий иш-чарага катышкан. Анын кийими социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан эле. (SE)

XS
SM
MD
LG