Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:10

Путин Кыргызстанды ЕАЭБге кошуу боюнча документке кол койду

Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине кабыл алуу боюнча документке Орусия президенти Владимир Путин 13-июлда кол койду. Бул тууралуу орус президентинин расмий сайтында маалымдалат.

Мурдараак Орусиянын Мамлекеттик Думасы аталган келишимди ратификациялаган.

Уюмга кирүүнүн жол-жобосу боюнча, алгач документти биримдиктеги парламенттер жактырып, андан соң президенттери бекитиши керек. Андан соң Кыргызстан уюмга толук кандуу мүчө деп эсептелет. (МТо)

XS
SM
MD
LG