Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Британиялык өспүрүм Альцгеймер оорусун аныктоонун жолун тапты


Британиялык Кртин Низянандам аттуу өспүрүм адамдын жүрүм-турумун байкоо менен конгинитивдик тестирлөө аркылуу Альцгеймер оорусун алдын ала диагноздоо методун чыгарды.

Лондондун Ипсом аймагынын туругуну Кртин “Троян аты” деп аталган антителону таап, ал мээни жабыркатып, акыл-эстин толук кандуу болуусунан оолактаткан нейротоксиндерди алып чыга турган касиетке ээ экенин далилдеди.

Муну менен 15 жаштагы жаш бала медицинада дарысы жок деп эсептелген Альцгеймер дарты баштала электе эле адамда боло турганын аныктап, дарыласа болот деген теорияны сунуштоодо. Демейде, Альцгеймер сыяктуу мээнин бузулуусун шарттаган оорулардын алдын-ала диагноздоо абдан оор.

Жыл сайын Британияда 60 миӊ киши Альцгеймерден набыт болот. Барган сайын бул илдетке чалдыккандар жашарып баратканы байкалууда. Теги индиялык Кртинди Гугл компаниясы медициналык командага иштөөгө чакырды. (BCh)

XS
SM
MD
LG