Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

Нарында байланыш түйүнүнүн кызматкерине кол салуу болду


"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине куралдуу кол салуу болду.

Бул тууралуу Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 13-июлда күндүзгү 11лер чамасында айылдык байланыш бөлүмүнүн имаратынын алдында болгон. Анда почта кызматкери айыл тургундарынын пенсиясы делген 1,3 млн. сом акчаны алып кирип бара жатканда кылмышкерлер акча көтөргөн почта кызматкерине мылтыктан ок чыгарышкан.

Натыйжада почта кызматкери имараттын ичине кире качканына карабастан ок бутунун булчуң этине тийип, ооруканага жаткырылган.

Учурда раймилиция тарабынан куралданган адамдардын унаасы табылып, кылмышка шектүүлөр изделүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG