Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран менен дүйнөнүн алты державасы корутунду келишимге жетишкенин Ирандын өкүлдөрү жана батыш дипломаттары кабарлашты.
“Биздин оор жумушубуздун акыбети кайтты, макулдашууга жетиштик” -деп билдирди шейшемби күнү Reuters агенттигине атын атагысы келбеген ирандык дипломат.
Associated Press батыш дипломаттарынын бирине шилтеме берүү менен сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары соңку талаш маселелерди чечип, бир пикирге келгенин билдирүүдө.
Евробиримдик АКШ, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана Ирандын ТИМ башчыларынын Венадагы отуруму бүгүн соңуна чыгаары кабарланды.
Авcтриянын борборундагы бул сүйлөшүү 18 күндөн бери уланып жатат. Топтун өкүлдөрү жаңы келишимге жетишсе, Тегеран ядролук программасынын негизги бөлүгүнөн баш тартат жана бул үчүн өзгөчө мунай экспортуна салынган санкциялар жеңилдетилмекчи.
Ирандын ядролук программасы боюнча Тегеран менен Батыш ортосундагы талашка 12 жылга аяк басты. Жогоруда аталган алты чоң держава Тегеран ядролук программасын согуш максатында пайдаланышы мүмкүн деп кооптонушат. Иран өз кезегинде атомдук курал жасоого умтулбаганын айтып жүрөт. (ErN)