Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Бурятияда оппозициялык журналист сабалды


Улан-Удэ шаарында "Asia-Russia Today" сайтынын башкы редактору, оппозициялык журналист Евгений Хамагановду белгисиз адамдар сабап кетишти. Ал үйүнө кирип баратканда артынан кол салышкан. Журналисттин моюну сынып, ооруканада жатканын “Бурятиялык демократия жана эркиндик үчүн кыймылынын” мүчөсү, жергиликтүү активист Доржо Дугаров кабарлады.

Дугаров оппозиялык “Яблоко” партиясынын мүчөсү Хамагановду сабалышы буйрутма экендигин билдирди. Журналист буга чейин Орусиянын президентинин жана өкмөтүнүн региондорго саясатын сынга алган макалаларды жазып, сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келген. Дугаровдун айтымында, Хамагановго буга чейин да коркутуулар болуп келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG