Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Фабио Капелло кызматтан кетти. Орусиянын футболдук кеңешинен билдиришкендей, италиялык адис менен эмгек келишими эки тараптын макулдугу менен токтотулган.
Уюм тараткан расмий маалыматта, тараптар бири-бирине кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик каалашканы айтылат.
Италиялык Фабио Капелло 2012-жылдан бери Орусия курамасын жетектеп келген. 2014-жылы кайрадан келишим түзүлүп жылдык маянасы 7 миллион еврого чейин көтөрүлгөн. Келишим 2018-жылы аяктамак.
Мөөнөтүнөн мурда келишим токтотулса, Орусиянын Футболдук кеңеши италиялык адиске 20 млн. евро төлөп калары айтылып жүргөн. Тараптар бул жаатта маселени кандайча чечишкени белгисиз.
2018-жылы Орусияда боло турган футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна Капелло Орусия курамасын жетектеп барат деп күтүлүп жаткан. Эми анын ордуна ким келери башкы маселе болууда. Футбол серепчилери ЦСКАнын башкы машыктыруучусу Леонид Слуцкий, улуттук кураманын мурдагы улук машыктыруучуларынын бири жана Краснодар клубунун башкы машыктыруучусу Олег Кононовдун ысымдарын аташууда. (ECh)