АКШ президенти Барак Обама Ирандын ядролук программасы боюнча корутунду келишим жетишилгенден кийин "Жакынкы Чыгышта ядролук куралды жайылтууну токтоттук" деп баалап, келишимдин артында эл аралык коомчулуктун кепилдиги турганын белгиледи.
Обама келишим Ирандын ядролук программасын чектебейт дегенди билдирбейт деп, анын шарттарын бузуу жоопкерсиздикке жатарын айтты.
Ирандын ядролук программасына байланыштуу 10 жылдан ашуун созулган сүйлөшүүлөр 14-июлда максатына жетти. Жүз барак документ Ирандын ядролук программасын кыскартуунун жана анын ордуна эл аралык санкцияларды алып салуунун жол-жобосун камтыйт.