Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Роухани: Иран ядролук куралга умтулган эмес


Хасан Роухани
Хасан Роухани

Иран президенти Хасан Роухани бүгүн жасаган билдирүүсүндө Иран менен дүйнөнүн алты чоң державасы Венада кол койгон ядролук келишим анын өлкөсү үчүн тарыхый окуя болгонун айтты. Ал Тегеран "эч качан ядролук куралдуу болууга умтулбаганын жана келечекте дагы андай болбой турганын" кошумчалады.

Ирандын ядролук программасына байланыштуу 10 жылдан ашуун созулган сүйлөшүүлөр 14-июлда Венада максатына жетти. Жүз барак документ Ирандын ядролук программасын кыскартуунун жана анын ордуна эл аралык санкцияларды алып салуунун жол-жобосун камтыйт.

XS
SM
MD
LG