Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Дүйнө кезген туристтердин велосипеди уурдалды


Британиялык Маркус Мамфорд жана жубайы Кристи Мамфорд азыркы тапта Кара-Балта шаарында дүйнөнү кыдырган турнесин токтотуп турууга аргасыз болгонун “Азаттыкка” билдиришти.

Алардын эки орундуу велосипедин Сосновка айылына жакын жерде тыныгып жатышканда белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Орто жаштагы жубайлардын айтымында, алар үчүн бул велосипед жөн гана унаа эмес, жашоосунун символуна айланган. Себеби бул унаа менен алар Америка, Жаӊы Зеландия, Канада, Түркия, Азербайжан жана башка өлкөлөрдү кыдырып, 70 миӊ чакырымдай жол басышкан.

Кыргызстанга алар 26-июнь күнү Тажикстандын чек арасынан киришкен. Бизден чыгып жубайлар Индияга сапар алышмак. (BCh)

XS
SM
MD
LG