Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Азимжан Аскаровдун сыйлыгы баласына берилет


АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго ыйгарылган сыйлыкты анын уулу алып келет. Бүгүн, 15-июлда Вашингтондо сыйлык тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунан кабарлашты.

Мамлекеттик департамент өмүрүнүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” деп өткөн айда атайын сыйлык ыйгарган.

Аскаров 2010-жылдагы июнь калабасын уюштурууга шектелип, өмүр бою камалган. Өзү жана эл аралык коомчулук муну адилетсиз чечим деп баалап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG