Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху Иран менен алты держава Тегерандын ядролук программасы боюнча Венада жетишкен келишимди «тарыхый масштабдагы жаңылыштык» деп атады.
«Иранга карата чектөөлөр алынар замат бул өлкө түздөн-түз ядролук куралды өндүрүүгө барат» деди Нетаняху шаршембинин кечинде. Израилдин тышкы иштер министри Ципи Хотовели да өз кезегинде Тегеран менен макулдашууну «Батыштын Иран баштаган каардуу оттун алдында тарыхый капитуляция болуп берүүсү» деп баалады.
14-июлда эртең менен Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран менен дүйнөнүн алты державасы корутунду келишимге жетишкенин Ирандын өкүлдөрү жана батыш дипломаттары кабарлаган. Жүз барак документ Ирандын ядролук программасын кыскартуунун жана анын ордуна эл аралык санкцияларды алып салуунун жол-жобосун камтыйт.
Евробиримдик АКШ, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана Ирандын ТИМ башчыларынын Венадагы отуруму бүгүн соңуна чыгары кабарланды. (ErN)