Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Нарын: Почточуга кол салууга шектелген адам кармалды


Ак-Талаа районунда почта кызматкерин тоноо максатында кол салган деп шектелип, 25 жаштагы жаран камакка алынды, автоунаасы айып аянтчасына токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 13-июлда күндүзгү 11лер чамасында айылдык байланыш бөлүмүнүн имаратынын алдында болгон. Анда почта кызматкери айыл тургундарынын пенсиясы делген 1,3 млн. сомду алып кирип бара жатканда кылмышкерлер ага мылтыктан ок чыгарышкан.

Натыйжада почта кызматкери имараттын ичине кире качканына карабастан ок бутунун булчуң этине тийип, ооруканага жаткырылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG